Бизнес чөйрө жаңы киреше салыгын аванс менен төлөөгө каршы кол чогултуп жатышат

Жаңы салыкты жокко чыгаруу тобуна Акылбек Жапаров, Жумакадыр Акенеев, Руслан Сарымсаков жана Аскарбек Молдобаевдер киришти.

Демилгелүү топко экс-финансы министри Акылбек Жапаров, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев, Мейманкана жана ресторан бизнес ассоцияациясынын президенти Руслан Сарымсаков, Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаевдер киришти. Алар Салык кодексинин "Киреше салыгынын алдын ала суммасын төлөө" жаңы беренесине каршы кол чогултуп башташты.

Бүгүн, 6-мартта, Бишкектеги пресс-конференция маалында Жапаров аванстык төлөмдүн киргизилиши экономикага терс таасирин тийгизет, салык төлөөчүлөрдүн укугун жана кызыкчылыгын тепселейт, экономикалык өнүгүүнү басаңдатат, салык төлөөчү базаны кичирейтип, көмүскө экономиканын кеңейишине алып келет жана ар түрдүү рангдагы коррупционерлерге кеңири жол ачып берет деп билдирди.

Каржы министрлигинин экс-жетекчиси дүйнө боюнча башка эч бир жерде киреше салыгына төлөмдү алдын ала төлөшпөйт. "Бийликтин бул иш аракеттери экономиканы кризиске такап коет", - деп кошумчалады.

Демилгелүү топ бардык салык төлөөчүлөрдү салыктык жаңычылдыктарга каршы кол чогултуу демилгесин колдоого үндөдү.

Эске салсак, ушул жылдын январь айынан тартып, КРнын Салык кодексине жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр ишке ашып баштады. Мындан ары, салык төлөөчүлөр ар бир айдын 20сына чейин киреше салыгынын 1% алдын ала төлөөсү зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД