Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги абройлуу сыйлыктардын катарын толуктайт

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 12-мартта өткөн жыйынында "Чыңгыз Айтматов атындагы төш белгини белгилөө тууралуу" мыйзам долбоорун карап, жактырды. Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлүп, алардын чыгарган чечимине ылайык, Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле турган болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Эгемберди Эрматовдун айтымында, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы 2012-жылдын 22-ноябрында Чыңгыз Айтматов атындагы атайын сыйлыкты белгилөө тууралуу чечим кабыл алган. Андай сыйлыкка татыктуу болгондорго жазуучунун туулган күнүндө Айтматов атындагы медаль менен анын күбөлүгү, ошондой эле 30 миң АКШ долларына барабар акчалай сыйлык ыйгарыла тургандыгы белгиленген. Медалды даярдоого каражат өлкө казынасынан караштырылыш керек эле.

Антип кол куушуруп олтурууга негиз жоктугун айткан депутат Урмат Аманбаева керектүү каражатты президент, төрага, премьер-министрдин фондуларынан алса боло тургандыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД