Психологдор Аида Салянованын физиогномикалык портретин түзүштү

"Кыргызстандын генпрокурору Аида Салянова аналитикалык ой жүгүрткөн, бийлик жана авторитетин колдонгон адамдардын катарына кирет. Ал туруктуу, адилетүү жана эмоцияга алдырбаган жан", - деген жыйынтыкты Аида Салянованын физиогномикасын изилдеген Market Intelligence коомдук фондунун психологу Любовь Ким жасады.

Генпрокурордун бет түзүлүшүн анализдеп чыккан психологдор Саляновада мырзаларга тиешелүү болгон кулк-мүнөз бар. Бул: кайраттуулук, эрктүүлүк жана өжөрлүк. Эгер Аида Салянова саясий эмес башка жолду тандаганда, анда искусство жаатында да ийгилик жаратмак. Себеби, мындай адамдарга артистүүлүк жана музыкага жакындык бар болот деп айтышты.

Маалымат үчүн

Физиогномика – бул сырткы өң-келбети менен адамдын кулк-мүнөзүнүн кандайдыр бир байланышынын бар болгондугу, жана анын белгилүү бир типке таандык экенин изилдөө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД