Чүй облусунда жыл башынан бери 242 жол кырсыгы катталды

Чүй облусу боюнча жыл башынан бери 242 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милиция ведомствосунан кабарлашты.

Тартип сактоочулардын айтымында жол кырсыктардын айынан 356 адам жабыркап, 49 каза болду. Андан тышкары 32 бала авариядан жаракат алышкан.

Чүй облусу ШИИБнин жол тартибин сактоо кызматын башкаруунун кызматкерлери бир жумада 4 431 жол эрежелеринин бузулгандыгын катташкан. Анын ичинде 15 унаа техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөн эмес, 212си коопсуздук курун тагынган эмес, 313 жарык берүү шаймандарын колдонуу эрежесин бузушкан. Штраф стоянкага 69 автоунаа токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД