Атамбаев: Мамлекеттик тилди биз кадам артынан кадам жасап үйрөнүүбүз керек

КР президенти Алмазбек Атамбаев 18-мартта өткөн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отурумунда Кыргызстанда жашаган ар бир киши кыргыз тилин билүүсү керектигин айтып, "бир мамлекетте жашап аткандан кийин анын тилин, маданиятын билүү керек. Бул титулдук калкка болгон да урмат", - деди.

Президент кыргыз тилин үйрөнбөөгө шылтоо издегендин ордуна аны өздөштүрүүгө аракет кылуу керектигин айтты. "Муну жасабоого себеп издегендин ордуна мамлекеттик тилди биз кадам артынан кадам жасап үйрөнүүбүз керек. Бирок мен кыргызчаны билбегендиги үчүн адамдарды жазалоону талап кылган ура-патриоттордун турумуна таптакыр каршымын. Бирок эгерде биз мамлекеттик тилге, өз маданиятыбызга тиешелүү урмат менен мамиле кылбасак, өлкөдө кандай туруктуулук болуусу мүмкүн!",- деп белгиледи мамлекет башчы.

Бул туруктуулук ар бир үй-бүлөдөн, ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн башталат. Президент: "биз 2010-жылы түштүктө болгондогудай улуттар аралык чатактын кайталанышына жол бере албайбыз",- деп сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД