Кыргызстандык он самбист "А" классындагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандык он самбист Анатолий Харлампиевдин жаркын элесине арналган "А" классындагы эл аралык турнирге катышат. Кыргызстандын самбо федерациясынан билдиришкендей, спорттук самбо боюнча курама команданын курамына Нурсултан Артыкбай уулу, Эламан Касымбаев, Артур Тё, Урмат Мамбетжан уулу жана Айбек Бекбалаев кирди. Ал эми уруштук самбо боюнча Абдыназар Купуев, Нурбек Жаныбеков, Айдарбек Тыналиев, Эдилбек Сарыбаев жана Артем Бабкин Кыргызстандын намысын коргошот.

Орусиянын самбо боюнча федерациясынан маалымдашкандай, Харлампиевдин жаркын элесине арналган турнир дүйнөлүк кубоктун бир бөлүгү болуп эсептелет. Спорттук самбо боюнча мелдеш кыздар жана эркектер арасында болот. Ал эми уруштук самбо эркектер арасында гана болот. Турнирде 27 медалдын комплектиси ойнотулат. Турнир 22-марттан 25-мартка чейин Москва шаарында өтөт.

Бул турнирге катышуу ниетин түрдүү мамлекеттердеги 23 улуттук федерациясы билдирген. Алардын ичинде Австрия, Армения, Беларусия, Болгария, Венгрия, Венесуэла, Греция, Грузия, Испания, Италия, Латвия өңдүү мамлекеттер бар.

Эскертсек, өткөн жылкы турнирде кыргызстандык Артур Тё күмүш медаль утуп алган. Ал эми Анара Жумалы кызы 9-11-орундарды ээлеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД