Түркиядагы кыргыз студенттери Ноорузду өзгөчө белгилешти

Стамбул шаарындагы Фатих университетинде 21-мартка карата "Орто-Азияда Нооруз майрамы" аттуу иш чара уюштурулду. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандык студенттер катышты. Иш чара биринчи жолу аталган окуу жайга тиешелүү "Чет өлкөлүк кеңсе" тарабынан өткөрүлдү. Нооруз майрамына карата студенттер өз улутуна таандык тамак-аш жана улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Ошондой эле өз эне тилинде ырдап- бийлеп, улуттук аспаптарда ойношту. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбул шаарындагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, иш чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттер Орто-Азия элдеринин маданияты менен жакындан тааныша алышты. Фатих университетинде билим алып аткан Кыргызстандык студенттер, башкалардан айырмаланып улуттук боз үй тигип, өзгөчөлөнүштү. Кыргызча ырдап, бийлеп, комузда кол ойнотуп көпчүлүктүн кызыгуусун жаратышты.

Эске салсак,Фатих Университетинде 102 өлкөдөн келген 1 395 студент билим алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД