Ысык-Көл облусунда тамчылатып сугаруу системасы ишке кирет

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү жана израилдик "Дан Алон" компаниясы менен облустагы айыл-чарба субьектери ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү долбоорлору менен программаларын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Документке ылайык кызматташтык бир нече багыт боюнча болот. Алардын ичинде жемиштерди жана гүлдөрдү өстүрүү, агроөнөржай күнөсканаларын куруу жана айыл-чарба продуктыларын өстүрүү, тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, мал-чарбасын өнүктүрүү жана башкалар бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД