Чынгысбек Узакбаев: Айыл-чарба техникаларынын 75%га жакыны эскирди

Учурда өлкөдө колдонулуп аткан айыл-чарба техникаларынын 72-75% эскирди. Алардан көпчүлүгү 30-40 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Андыктан техникалырды сапаты жакшы эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта, айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле быйыл өлкөгө миңден ашык техника алып келүү милдети турганын белгиледи. "Бүгүнкү күнү түрк кредитинин эсебинен келген 225 даана техника республикага алынып келинди. Алар таратылып атат. Учурда 42 техника пайдаланууга берилди. Ошондой эле кытайдан лизинг менен келген 25 даана техника дыйкандарга таркатылып берилди", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД