Билим берүү министрлиги окуу китептеринин жетишсиздигине арызданды

Билим берүү жана илим министрлигин маалыматына ылайык, учурда мектептерди окуу китептери менен тейлөө 40% кем. Мындай маалыматты министрлик өзү 20-мартта билдирди.

Кыргызстанда билим берүү ишке ашып жаткан төрт тил группасында окуу китептеринин жетишсиздиги 8 млн экземплярды түзөт. Аларды басып чыгууга жылына 600 млн сом керектелет.

"Билим берүүнүн мазмуну жана компетенттик деңгээлдин өзгөрүшүнө байланыштуу, эски китептерди толугу менен алмаштыруу талап кылынат. Республиканын мектеп китепканаларындагы китептердин 60% физикалык жана моралдык жактан эскирген, окуу процессинде колдонулган китептер санитар-гигиеналык нормаларга жана заманбап программалардын талаптарына жооп бербейт", - деди билим берүү министрлиги.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД