Таш-Көмүргө же Кара-Кечеге минералдык жер семирткич чыгаруучу завод курулат

Таш-Көмүр шаарынын Тегене кенинин жанына же болбосо, Кара-Кече көмүр кенинин базасына минералдык жер семирткич чыгаруучу завод куруу пландалууда. Учурда Кытай тарап менен сүйлөшүү жүрүүдө. Өкмөт эки жердин кайсынысына завод курууну чечсе ошол жерге курулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта, айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымат жыйында билдирди.куруу пландалууда.

Анын айтымында, Кыргызстанда чыгарылган минералдык жер семирткичтин өздүк наркы 5-7 сом болот. "Кыргызстандын алыскы аймактарында анын баасы 9 сомдон ашпайт", - дейт ал.

Министр ошондой эле жазгы айдап-себүүгө жалпысынан 200 миң тонна жер семирткич керек болсо, анын 41 миң тоннасы гана алынып келингенин кошумчалады. "Марттын аягына чейин дагы 50 миң тоннага чейин жер семирткич алынып келет. Учурда Орусиядан келген жер семирткич 24 сом, Казакстандыкы болсо 20-21 сом, Өзбекстандыкы 19-20 сомдон сатылууда. Албетте бул баа дыйкандар үчүн кымбат. Аны баары эле сатып ала албайт атат", - дейт ал.

Узакбаев эгер кытай тарап менен сүйлөшүү оң жагына чечилсе, жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу быйыл баштала турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД