Чынгысбек Узакбаев: Быйыл жаз 20 күнгө эрте келди

Быйыл жаз жылдагыдан 20 күнгө эрте келди. Учурда Нарын, Талас облустарынын тоолуу аймактарынан башка аймактарда жазгы айдоо иштери кызуу жүрүп атат. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта, айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында быйыл бир нече өсүмдүктөрдү айдоо аянттары көбөйгөн. "Дан эгиндери 640,5 миң гектарга айдалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 23,4 миң гектарга көп. Кант кызылчасы былтыркыга салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көп айдалып, жалпы аянты 7,9 миң гектар болду", - дейт министр.

Министр ошондой эле жаздык буудай эгүүгө 34 миң 841 тонна үрөн талап кылынарын жана 25 миң 345 тонна арпанын үрөнү керек экенин кошумчалады.

Ал ошондой эле 22-мартка карата жалпысынан 969,6 млн сомдук 4903 кредит берилгенин билдирип, жеңилдетилген насыялар Залкар Банк, РСК Банк, KICB банк, АКБ Кыргызстан жана "Айыл Банк" аркылуу берилип атканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД