Нурлан Кожогулов: Дыйкандар техниканын кымбаттыгынан аны сатып ала алышпай атат

"Учурда техника кымбат болгондуктан аны дыйкандардын сатып алууга чамасы жетпей атат". Бул тууралуу Механикалык коргоо жана энергетикалык камсыз кылуу департаментинин директору Нурлан Кожогулов бүгүн, 25-мартта маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин 630 даана техника жеңилдетилген лизинг менен дыйкандарга алынып берилгенин кошумчалады. "Айыл-чарба техникаларын жакшыртуу боюнча долбоорлор иштеп атат. Учурда жеңилдетилген лизингге берүү үчүн 225 техника алынып келинди. Быйыл 1 млрд сомго айыл-чарба техникасын алып келүү пландалууда. Биринчи жолу техникалардын саны өсөт",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД