Депутат: Соодагерлер үчүн салыкты көтөрүү - коомду атайылап козгоо

"Дордой" базарындагы соодагерлерге салыкты көтөрүп, бийлик, коомду дүрбөлөңгө салганга аракет кылып жатат", - деп бүгүн, 25-мартта, КСДП фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков "ВБга" билдирди.

Анын пикири боюнча, соодагерлердин салыгын 165% көтөрүп жатып, бийлик, коңшу өлкөлөр менен товар жүгүртүү кыйла азайгандыктан, жарыбаган акча таап жаткандарын эске алуусу керек эле. "Ошондой эле, учурунда базардын өнүгүүсүнө мамлекет карандай каржат сарптабаганын да унутуу мүмкүн эмес. 90-жылдары челноктор өз эмгеги жана өз каржатына базарды бутуна тургузушкан. Эми бүгүн алардын эсебинен бюджетти толуктоо туура эмес", - деди Салымбеков.

Депутаттын айтымында, өкмөт бюджетти кеңейтүүнүн башка жолдорун издөөсү керек. "Сүт берип жаткан уйду, каны чыкканча саагандан майнап чыкпайт. Салык төлөөчү өндүрүш ишканаларын ачуу зарыл. Базар эли унчукпай отура берчү калк эмес. Аларга салыкты көтөрүп жатып, бүтүндөй коомдун тынчын кетирип коесуңар", - дейт депутат.

Салымбеков, учурда соодагерлер салык жана күч органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте бул маселе тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД