Эртең Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, 26-марттан баштап Бишкекте жылуулук берүү сезону аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим март айындагы абанын температурасына карап кабыл алынды.

Маалымат үчүн

Жылуулук берүү убактысы 150 сутканы түзөт. Жылуулук берүү сезону абанын температурасы 5 сутка бою 8 градустан төмөн түшкөндө берилип баштайт. Ал эми тыштагы абанын температурасы 5 сутка боюча 8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү сезону аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД