33 кг героин менен кылмышкер кармалды

23-мартта Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери маңзаттарды сатууга тийиштиги бар делген 1967-жылы туулган Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны тинтүү учурунда жанындагы эки сумкадан 33 кг 660 гр героин табылган.

Учурда кармалган киши убактылуу тергөө жайына камакка алынды. Ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД