Кыргызстанда спорттун жаңы "3кө 3" түрү өнүгөт

Баскетболдун Азия федерациясынын өкүлү Юн Вай Сан атамекендик адистерге Бишкекте семинар өтүп, анда "3кө 3" мелдешин өткөрүүнүн шарттары менен тааныштырды. "3кө 3" мелдеши стритбол деген ат менен да белгилүү.

Жолугушуу учурунда ал командалар кантип коргонуусу жана чабуулга өтүүсү керектигин түшүндүрүп, кайсыл аракеттерге жол берилбей турганын айтты. Стритбол КМШ өлкөлөрүнүн спорттук программасына кирди. Былтыр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн. Эми эл аралык спорт түзүмү аны префессионалдык деңгээлге чыгарууну талап кылууда.

Спорт тармагында бул оюнду олимпиадалык оюндарга киргизүүнү да талкуулашууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бул спорттун түрү боюнча ийримдер жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД