Казакстандык көзү ачык Бакиевдин Орусияга барышы мүмкүндүгүн айтты

Казакстандын белгилүү көзү ачыгы Бахыт Жуматова Кыргызстанда революция болбой турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта, маалымат жыйында билдирди.

Көзү ачык өлкөдө төрт жылдан кийин 18 реформа болоорун айтты. Анын айтымында, өлкө өнүгөт жана чет элдик мектептердин саны өсөт. Өзгөчө Германия менен Голландия жардам берет. Ал өз сөзүндө АКШдан бир аял келип, Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрөт деп белгиледи.

Качып кеткен президент Бакиев тууралуу суроого жооп берип жатып, ал ар ким кылган иши үчүн кудай алдында жооп берерин белгилеп, эки жылдан кийин ал Орусия келээрин билдирди.

Жуматова бир гана каалоочулар менен жолугушуу үчүн эмес, аз болсо да иштеп кетүү үчүн келген. Ал ошондой эле Ысык-Көлдү көрүүгө ашыкканын, ал жакта жердин төртүнчү киндиги бар экенин белгилеп өттү.

"Мен жер шарында 1 млрд гана киши каларын көрүп атам. Элдин көпчүлүгү жаратылыш кырсыктарынан эмес, өздөрүнүн алдым-жуттумдугунан, жаман адаттарынан өлөт", – дейт ал. Жуматова өз сөзүндө ушундан улам үч жылдан бери ал наркомандарга, аракечтерге жана кумар оюндарына кызыккандарга бекер жардам берип келе жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жуматова орусиянын "ТНТ" каналанын "Көзү ачыктардын таймашы" (Битва экстрасенсов) телешоусунун 7-сезонунда финалист катары белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД