Жөө күлүк Адилет Кыштакбеков кросс боюнча дүйнөлүк чемпионатта 92чи болуп келди

Кыргызстандык жөө күлүк Адилет Кыштакбеков Польшанын Быдгощ шаарында өткөн кросс боюнча дүйнөлүк чемпионатта 92чи болуп келди.

Мелдештин расмий сайтында жарыялангандай, Кыштакбеков 102 жөө күлүктүн ичинен 92чи болуп келген. Ал 12 км аралыкты 38 мүнөт 37 секунда чуркап өткөн. Биринчи орунду ээлеген кениялык жөө күлүк Кения Джафет Корир 32 мүнөт 45 секунда чуркап келди.

Ал эми аялдар арасындагы мелдеште кыргызстандык жөө күлүк Гүлшонай Сатарова 97 катышуучунун ичинен 95чи болуп келген. Ал 8 км аралыкты 29 мүнөт 26 секундда чуркап өтүп, лидерден 5 мүнөт 2 секунд артта калган.

Бул чемпионатта Кыргызстандан эки спортчу катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД