Мурдагы муфтийдин сот ишине анын жүзгө жакын тарапкерлери да келди

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун бүгүнкү, 25-марттагы, сот ишине анын 100гө жакын тарапкерлери да келди. Жарымы жыйындар залын толтурса, калгандары имараттын алдына чогулушту. Сот иши Бишкек шаардык сотунда болууда.

Белгилей кетсек, мурдагы муфтий 2011-жылы ажылык иштерин уюштурууда салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда.

Айыпталуучунун авдокаттары экс-муфтийге карата козголуп аткан кылмыш ишинин мыйзамсыздыгын айтып, Свердлов райондук сотунун судьясы Чынгыз Адамкуловго каршы пикирлерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД