Экс-муфтийдин ишин караган сот алмашат

Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун ишин кароода кылмыш ишти карап аткан Свердлов райондук сотундагы судья Чынгыз Адамкулов алмашат. Мындай чечимди бүгүн, 25-мартта, Бишкек шаардык соту кабыл алды. Белгилей кетсек, экс-муфтий 2011-жылы ажылыкты уюштурууда салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда.

Буга чейин Адамкулов ага каршылык билдирген өтүнүч катты канааттандырган эмес. Айыпталуучунун адвокаттары жогорку инстанцияга кайрылышкан.

Иш кайтадан Свердлов райондук сотуна жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД