Кара-Балтанын канализациясы донорлордун акчасына оңдолот

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү, 25-марттагы жыйынында депутаттар Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынын Кара-Балтанын суу менен камсыздоо системасын жана канализациясын оңдоого бөлгөн каржылоосу боюнча келишимди колдоого алышты.

Финансы министри Ольга Лаврованын айтымында, бул багытка 5 млн евро бөлүү каралууда. "Бул каражаттын 2 миллиону кредит катары, 3 миллиону грант катарында берилет",- дейт ал.

Комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков бул кредитти кайсыл булактан кайта төлөп берүү каралып атканына кызыкты. Кара-Балтанын мэри Данияр Шабданов алган карыз акча жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөрүн билдирди. "Ал үчүн шаар калкынын сууга болгон төлөмүн этап менен жогорулатуу каралууда", - деп түшүндүрдү ал.

Келдибеков кандай болсо да канализацияны оңдоо керектигин белгиледи. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн келишимди колдоого алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД