Бүгүн Жайыл, Сокулук райондорунда жана Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт

Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин Бишкектеги №№ 309, 340 516 трансформаторлорунда, "Костромская" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр зымдарында капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, Токтогул көчөсүндөгү №№ 45,51 көп кабаттуу үйлөрдө, Манас көчөсүндөгү №№ 47, 49 көп кабаттуу үйлөрдө, ошондой эле чектелген көчөлөрдүн төрт чарчыларындагы Азовск, Кара-Балта, Коммунаров, Тифлисский ; Каховский, Черноморский, Тойгонбаев, Чайковский жана "Касым" конушунда электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Ушул эле убакта Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы "Кудайберген" унаа сатуучу базардын тегерегинде, МАИ постунда, "ВОССТ" жаңы конушунда, ал эми Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын чыгыш тарабындагы Коммунистический, Мир көчөлөрүндө, Полтавка айылында электр энергия өчүрүлөт.

Убактылуу электр энергиянын өчүшүнүн себеби "Түндүк электр" ААКнын адистери жогорку вольттогу, "Военно-Антоновка" көмөкчордонунда, "Кара-Балта" көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр зымдарын оңдоо иштерине байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД