Жер титирөөдөн жапа чеккен ысык-көлдүк 540 бүлө эки айдан бери жардам күтүүдө

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жапа чеккен 540 бүлө жардам күтүп жатканын билдирди. Эки айдан бери өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Каржы министри Ольга Лаврова бул маселени өкмөт жыйынында козгой тургандыгын билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эмдигиче чара көрүү сунушу түшө элек.

Тармактык комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков өкмөткө кайрылуу жолдой турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД