"Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясында" түзүлгөн кырдаал көзөмөлгө алынат

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде "Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомундагы каражаттарды пайдалануунун аудити жөнүндө отчет угулду. Эсептөө палатасынын аудитору Жусуп Иманалиевдин берген маалыматына караганда, текшерүү жыйынтыгында 13 материал МУККнын Коорупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, корпорациянын ишинде көптөгөн каржы тартибин бузуу жосундары табылды. Ошондой эле, материалдык жетишсиздик жана негизсиз жумшоо фактылары катталган. Мисалы, 2008-жылдын 25-ноябрында өкмөттүн чечими менен бир жарым жылдык мөөнөт менен күрөөсүз 400 млн ссуда берилген. Ал 2010-жылдын 25-майында жабылышы керек болчу. Бирок, анын төлөө мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин узартылып жатат.

Ал карыз каражаттын үстөк пайызы өсүп отуруп, 2013-жылдын башында 49,2 млн сомду, айыппул 19,3 млн сомду түздү. Алардын жыл аягына чейин өз карызынан кутулары деле күмөн.

Тармактык комитет Башкы прокуратура менен МУККнын Коорупцияга каршы күрөшүү кызматына "Кыргыз айыл чарба азык-түлүк корпорациясында" түзүлгөн кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу сунуштама берүү чечимин кабыл алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД