Ош – Баткен жолунда бензин ташыган унаа ала салды

24-март күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынын 127-чакырымында бензин ташыган Howo машинасы ала салган. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерге тоо-куткаруучу бөлүгүнүн кызматкерлери барып, бензиндин агуусун токтотушкан.

Алдын ала маалыматка ылайык, адам өлүмү жана жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД