Кыргызстан менен Белорусиянын футбол боюнча жолдоштук матчы күзгө жылды

Футбол боюнча Кыргызстан менен Белорусия курама командаларынын жолдоштук матчы кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациянын аткаруучу директору Дастан Конокбаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 26-мартта Бишкекте өтүүсү күтүлгөн матч алдын ала маалыматтарга ылайык, 6-сентябрга же, 19-ноябрга белгиленип, ал Белорусияда өтөт.

"Белорусиянын курама командасы Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын курама командалары менен жолдоштук матч өткөрүүнү каалашкан. Бирок, Казакстан менен Өзбекстандын курамалары ушул күндөрү дүйнөлүк чемпионат-2014түн тандоосунда оюн көргөзүүдө жана башка командалардын да оюндары бар. Ошого карабастан алар мелдеш өткөрүүгө макулдугун беришкен. Бирок АФКнын чакырык кубогунан кийин башкы машыктыруучу биздин оюнчулардын эс алуусу керектигин айтты", - дейт Конокбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД