Жол күзөт кызматынын жетекчиси жамаат ичиндеги карама-каршылык тууралуу айтты

Чүй облусундагы жол кырсыктарынын көп катталышынын бирден-бир себеби, Жол күзөт кызматынын жамаатындагы ички карама-каршылыктар экенин ЖККнин жетекчиси Таланбек Исаев маалымдады. Анын билдирүүсүнө ылайык, бөлүмдүн жетекчилиги бул маселени чечүү үчүн эч кандай чара көргөн эмес.

"Күнөөнүн бардыгын колго түшкөн эки прапорщикке жүктөлдү. Ал эми облусттук МАИ кызматынын жетекчилери эч кандай жаза алышкан жок. Бирок жолдогу пара алуу фактысына алардан тышкары ИИББнин жетекчилиги да жоопкерчиликти мойнуна алуусу керек. Себеби облусттук МАИ түздөн-түз ИИББге караштуу. Керек болсо дислокациянын схемасын да алар түзүшөт. Андан тышкары бул бөлүмдөгү кыйынчылыктар кечээ же жарым жыл мурун баштала калган жери жок. Бул ИИМге жетекчинин орун басары жетекчисине арыз жазгандан башталган. Ошо кезден тартып, жамаат экиге бөлүнгөн. Облустагы автокырсыктар ошондон бери 126% өстү. Ага кошумча жогорудагы пара алуу фактысы", - деди Исаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД