Шопоков айылында 5 кг банги зат менен киши кармалды

26-мартта, Чүй облусунун бангизатын мыйзамсыз ташуу менен күрөшүү башкармалыгы жана ИИМдин 7-башкы башкармалыгынын кызматкерлери, 4 кг 710 грамм бангизаты менен 53-жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

Шопоковдогу Некрасов көчөсүндө жайгашкан үйдө бангизат желим баштыктын түйүнчөгүнөн табылган, божомолдоолор боюнча бул героин.

Андан тышкары батирде бангизаттардын андан аркы сатылуусуна даярдалган желим баштыктар жана скотч табылган.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кылмышкер убактылуу камакка алынуучу жайга камалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД