Экономика инвестициялык форматта өнүгүүсү зарыл

"Экономиканы түзгөн тармактардан түшкөн каражаттарды инвестициялык долбоорлорго багытташ керек", - деп бүгүн, 26-мартта, программаны иштеп чыгуу жолдору жана КР өкмөтүнүн туруктуу өнүгүү планына өтүү боюнча улуттук консультация учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, республиканын экономикасы "инвестициялык форматта" өнүгүүсү зарыл. "Улуттук долбоорлорду каржылоо зарыл", - деди Оторбаев.

Ошондой эле 2013-2017-жылдардагы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндөгү улуттук стратегияда экономиканын өнүгүүсү үчүн негизги багыттар алынганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД