Депутаттар спирт ичимдиктерин паспорт менен сатууну сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Ширин Айтматова жана Турсунбай Бакир уулу спирт ичимдиктерин сатууда жарандардын паспорту аркылуу сатылуусу боюнча КР мыйзам актыларына бир катар оңдоолорду киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 26-марттагы, жыйынында белгилүү болду.

Депутат Бекешевдин айтымында, эгер сатуучу сатып алуучунун жашы жете элегинен күмөн санаса, анда ал анын паспортун көргөзүүнү талап кыла алат. "Бирок бул норма иштебей келет. Сатып алуучунун паспортун талап кылган сатуучулар дээрлик жок. Биз болсо спирт ичимдиктерин сатууда милдеттүү түрдө паспортун талап кылууну сунуштап атабыз. Эгер сатуучу бул нормаларды аткарбаса, анда ал айып пул катары миң же андан ашык сом төлөйт. Ошондой эле спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Жада калса бизде радиодон сыралардан бери жарнамалап атат", - дейт Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД