Жоомарт Оторбаев: Экономика инвестициялык форматта өнүгүүсү керек

"Экономиканы түзгөн тармактардан келип аткан каражаттарды инвестициялык долбоорлорго жумшоо керек",- деп биринчи вице-премьер-министр КРдин туруктуу өнүгүүсүнө өтүү программасын жана планын иштеп чыгууга арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, республиканын экономикасы "инвестициялык форматта" өнүгүүсү керек. "Улуттук долбоорлорду каржылоо керек", - деди Оторбаев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясында 2013-2017-жылдары экономиканын негизги өнүгүү багыттары тандалганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД