Милиция Бишкектен көмүскөдө иштеп келген 40тан ашык кумар жайларын тапты

ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди адалдаштырууга каршы башкармалыгы Бишкектен көмүскө кумар жайларын тапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүскө кумар жайлары 25-мартта болгон рейд учурунда аныкталган.

Кумарканадан беш оюн столу табылган. Ал жакта 40тай киши болгон. Алардан 9 миңден ашык сом алынган. Ошондой эле жалпы номиналы 2 млн сом болгон оюн фишкалары алынган.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД