Июнь окуясынын кесепетинен ОшМУ чет өлкөлүк 1,5 миң студентинен айрылды

2010-жылы болгон июнь окуясынын кесепетинен Oш мамлекеттик университети түштүк аймакта билим алып жатышкан чет өлкөлүк 1,5 миң студентинен айрылды. Бул тууралуу 26-мартта, аталган окуу жайдын ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлү Александр Кремер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Айтымында, студенттердин аз гана бөлүгү ОшМУга кайтып келген. Калгандары башка окуу жайларга которулууну туура көрүшкөн. Учурда Ош мамлекеттик университетинде болгону 78 студент билим алууда. Алар Индия, Иран, Пакистан, Непал жана Түркия мамлекеттеринин жарандары.

Кремердин жардам берүү тууралуу суроосуна ОшМУнун ректору ар кандай маселелерди окуу жай өзү чече ала тургандыгын айтып жооп берди. "Болгону өлкөдө саясий туруктуулук болсо, калган көйгөйлөрдү өзүбүз чечип алабыз", деп кошумчалады Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД