ОшМУ өз ооруканасын курат

Ош мамлекеттик университети жеке каражатынын эсебинен 200 орундуу өздүк ооруканасынын курулуш ишин баштайт. Бул туурасында 26-мартта ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлү Александр Кремер менен болгон жолугушуусунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, медициналык мекеменин курулушу бир айдан кийин башталат. Ага кете турган чыгымдын жалпы көлөмү 120 млн сом. Курулуш ишинин чыгымы толугу менен окуу жайдын мойнунда.

Исаков белгилегендей, оорукана биринчи кезекте Оштун калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн курулууда. Муну менен бирге жаңы мекеме, ОшМУнун медициналык факультетинин студенттерин ишке орноштурууга жардам бермекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД