Баскетбол боюнча жаштар курама командасы Санкт-Петербургдагы турнирге катышат

Кыргызстандын баскетбол боюнча жаштар курама командасы Санкт-Петербургда боло турган ири турнирге катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу "ВБ"га борбордогу оюн түрлөрү спорту боюнча олимпиадалык резервдеги атайын балдар спорт мектебинин директору Талант Айталиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандык жаш спортчулар Орусия, Украина, Белорусия жана Балтия өлкөлөрүнүн командалары менен беттешишет. Учурда курама команда машыктыруучу Павел Митрофановдун кол алдында жигердүү машыгуудан өтүшүүдө.

Баскетболчулар мелдешке даярдык көргүчө, Талант Айталиев Орусиянын түндүк борборуна барууга билет алуу үчүн, каражат издөө менен алектенүүдө. "Тамак-аш жана жатакана маселесин чече алдык, акыркы көйгөй гана калды. Аны да чечебиз",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД