Ат спорту Федерациясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен жакындан иштешүүдө

Кыргызстандын ат спорту боюнча федерациясынын өкүлдөрү кулагы начар уккан балдар интернатындагы тарбиялануучуларына көнүл буруп, алар менен жакындан алектенүүнү колго алышты. Спортчулар мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен алгачкы жолугушууда оюнчук жана кеңсе буюмдарын белекке беришти. Андан кийин атайын алынып келинген аттарга мингизип, балдарды ойнотушту.

Аталган федерациянын жетекчилеринин бири Эльвира Жогинанын айтымында, мындай жолугушуулар бат-баттан уюштурулуп турмакчы. "Ат минип сейилдөө баланын психикасына жакшы таасир берип, аларга өзүнүн көйгөйлөрүн унутууга жардамчы болот",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД