Бүткүл Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга инвесторлорду тартууну көздөөдө

Бүткүл Дүйнөлүк Банк бүткүл дүйнө боюнча донорлорду жана инвесторлорду бириктирип турган көп тараптуу көмөкчү фонд тарабынан Кыргызстанга инвестицияларды тартуу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот. Бул тууралуу 26-мартта, аталган банктын өкүлүнүн орун басары Динара Жолдошева ОшМУнун студенттери менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга багытталган долбоорлор үчүн банктын каражаты чектелүү. Бүткүл Дүйнөлүк Банк республикага жылына болгону 55-60 млн АКШ долларын бөлөт.

"Ресурстар чектелүү, бирок биз көмөк фонддон каражат тартуу үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуудабыз. Бул багытта иштерди улантабыз",- деди Жолдошева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД