Министр, депутаттардын жардамчыларын сынак менен алуу сунушталууда

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 26-мартта Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, министрлердин жана депутаттардын жардамчылары, кеңешчилери кызматка сынактын негизинде алынышы керек. "Антпесе көп учурда башка жарандардын конституциялык укугу бузулуп жатат",- дейт депутат.

Мындай сунушту төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров колдой тургандыгын билдирип, жардамчылар, кеңешчилер мамлекеттик кадр кызматы тарабынан сынактан өтүп келүүсү максатка ылайыктуу деген пикирин билдирди.

Ошондой эле штаттык кыскартуулар болгон учурда тажырыйбалуу кызматкерлерди комиссия өзүнүн чечими менен резервге коюу жагы да мыйзам долбоорунда камтылган.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД