Кыргызстандык артисттер Москва мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланды

КР эл артисти Курмангазы Азыкбаев, ырчы Каныкей Алымбекова жана бийчи Атай Өмүрзаков Москва шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйлады. Алар Нооруз майрамына карата 24-мартта "Россия" борбордук концерт залында өткөн иш-чарага катышкан.

Майрамдык иш-чаранын уюштуруучулары аймактар аралык кызматташуу департаменти, Орусия өкмөтүнүн алдындагы улут аралык иштер боюнча кеңеши жана улуттук коомдук бирикмелер болушкан. Кыргызстандык артисттер өз өнөрлөрүн Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Башкортостан, Дагестан жана Татарстандан келген артисттер менен бир сахнада тартуулашты.

Ардак грамоталарды тапшыруу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында өтүп, элчи Болот Жунусов башында турган элчиликтин кызматкерлери менен да жолугушуу болду.

Элчиликтен маалымдагандай, мекендеш артистер үчүн маданий программа да уюштурулган. Алар үчүн Москва шаарына экскурсия уюштурулуп, Пушкин атындагы музейге да баруу мүмкүнчүлүгү болгон. Бүгүн, 27-мартта, артисттер Бишкекке кайтышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД