Шахмат федерациясы Араб Эмиратынан демөөрчүлөрдүн жардамын алды

Шахмат федерациясынан маалымдашкандай, март айынын башында федерация Шарджи шаарынан (Бириккен Араб Эмираты) 150 шахмат жана 10 шахматтык саат алышкан.

Белгиленгендей кайтарымсыз жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүү ушул жылдын март айында Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов менен Азия шахмат федерациясынын баш катчысы Хишам Ал-Тахердин жолугушуусунда жетишилген.

Демөөрчүлүк жардам шахмат оюнун кызыктыруу жана анын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД