Сулайман Рыспаевдин "Сүйлөөчү китеп" чыгармалар жыйнагынын бет ачаары өтөт

2-апрель күнү К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында педогогика илимдеринин доктору, окумуштуу "КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер" Сулайман Рысбаев "Сүйлөөчү китеп" деген аталыштагы жаңы китептин салтанаттуу бет ачаар кечеси өтөт. Бул тууралуу китепкананын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Автордун буга чейин да көптөгөн китептери жарык көрүп, кенже окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болуп келүүдө. Мисалга алсак "Адам-пери", "Бакыт издеген бала", "Баланын канаты" ж.б.

Жаңы китептин бет ачаар кечесине КР вице-премьер министри Камила Талиева, Маданият-маалымат жана туризм министри Султан Раевдин катышары айтылат.

Кечеге андан сырткары коомдук ишмерлер, окумуштуулар, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, мугалимдер, журналисттер, ЖОЖдун студенттери жана шаардагы орто мектептин окуучулары катышат. Ошондой эле автордун чыгармачылыгына арналган бөбөктөрдүн тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД