Жааган жаандан улам Аламүдүн районун сел каптады

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аламүдүн районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кечээ, 26-мартта, болжол менен саат 18-00 чамасында 15 үйдү жана бир канча машинаны суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Чогулган сууну сордуруу үчүн бир канча машина чакырылган. Алдан ала маалымат боюнча адам өлүмү катталган жок. Учурда жаратылыш кырсыгынан келген чыгым эсептелүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД