Чолпон-Ата шаарындагы дүкөн ээсинин 300 миң сомун тоноп кетишти

Ысык-Көл РИИБдин маалыматына ылайык, 27-мартта таңкы саат 4-00төр чамасында Чолпон-Ата шаарында тоноо болгон. Жергиликтүү дүкөн ээси уурулардын курмандыгы болгон.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, дүкөн ээси товар алып келүү үчүн жөнөп, короодон машинасын чыгарып, дарбазаны жаап аткан учурда аркасынан белгисиз бирөөлөр келип кол салышкан. Экинчи ууру учурдан пайдаланып машинанын ичинен акча салынган сумканы көтөрө качып, уурулар окуя болгон жерден изин жашырышкан.

Кылмыш кодексинин "Тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, уурулар изделүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД