Аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоого 28 млн 995,9 миң доллар керек

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 26-марттагы отурумунда "Америка Кошмо Штаттарынын жардамынын эсебинен КР аэронавигациялык жабдууларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жүнүндө" КР өкмөтүнүн тескемесинин долбоору талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөчү аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоодо акысыз жардам көрсөтүү тууралуу АКШ Өкмөтүнүн чечимине ылайык өкмөт тарабынан иштелип чыккан бул долбоор боюнча Транспорт жана коммуникациялар боюнча министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов баяндама жасады.

Баяндамачы аталган объектини аэронавигациялык жабдуулар менен камсыздоо үчүн 28 млн. 995,9 миң АКШ доллары сарпталаарын жана АКШ өндүрүшүнөн чыгарылган жабдуулар менен камсыздалаарын билдирсе, "Кыргызаэронавигация" ишканасынын директорунун орун басары Кенжебай Илипаев бийиктиги 28 метр болгон аба кыймылын тейлөөчү объектинин курулушу жана жабдылышы боюнча маалымат берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД