Грек-рим күрөшү боюнча үч мамлекеттин 200дөй жаш күрөшчүсү Бишкекте күч сынашат

30-мартта дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган турнир башталат. Мелдешке 200дөй күрөшчү катышат. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы, республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу Виталий Филипповский "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке 1998-2000-жылы туулган Казакстандын жана Орусиянын да жаш спортчулары катышат.

Эркин күрөш боюнча турнир Олимпиадалык резерв училищасында өтөт. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча жаш күрөшчүлөр өз күчтөрүн Раатбек Санатбаев атындагы балдар мектебинде сынашат.

Белгилей кетсек, Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган турнир он жылдан бери уюштурулуп келет жана көптөгөн катышуучуларды өзүнө тартат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД