Акыркы үч жылда 15 ЖОЖдун лицензиялары чакыртылды

Акыркы үч жылда Кыргызстандагы 15 жогорку окуу жайдын лицензиялары чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков парламенттик жыйында маалымдады.

Анын айтымында, лицензиялардын чакыртылышынын негизги себеби, жогорку окуу жайдын билим берүү программасынын профилдик талаптарга жооп бербегендик болду.

"Натыйжасында, биз акыркы үч жылда, жогорку билимдүү деген дипломду берип жаткан 15 ЖОЖдун лицензияларын чакыртканга аргасыз болдук", - деди Садыков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД