Орусиянын "Биринчи каналы" Кыргызстанда берүүлөрүн токтотушу мүмкүн

Кечээ "Кыргызтелеком" ААКы КР Финансы министрилигинен Орусиянын "Биринчи каналынын" берүүлөрүн каржылабай тургандыгы тууралуу расмий кат алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта РПО РМТРдин директору Манас Оконов билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын анализи көргөзгөндөй, теле берүүлөрдү жайылтуудан баш тарткандыктан өткөн жылга салыштырмалуу быйыл киреше азайган.

"Кечээ, "Кыргызтелеком" Финансы министрлигинен расмий кат алган. Анда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин корутундусуна ылайык орусиялык "Биринчи каналдын" берүүлөрүн жайылтуу боюнча каржылоо токтой тургандыгы жазылган. Мында биз 50 млн сом кирешеден кол жууп калабыз. Бул ишкананы оор абалда калтырат", - деди Оконов.

"Кыргызтелеком" ААК башкармалыгынын төрагасы Аскар Баратбаев парламентке жана өкмөткө жооп иретинде каржылоонун жаңы булагын табуусун же орусиялык каналдын берүүлөрүнүн токтотулушу жөнүндө кат даярдап атканын билдирди.

"Өкмөт каржылоонун жаңы булагын табат же, биз ОРТ каналынын берүүлөрүн токтотобуз. Анткени биз берүүлөрдү бекер тарата албайбыз. Азырынча биз мурдагы режим боюнча берүүлөрдү таратып атабыз. Бирок 20-марттан баштап каржылоо токтойт. Мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 50 млн сом которулат. Макулдашуу 1996-жылы эле өкмөттөр аралык деңгээлде түзүлгөн", - деди Баратбаев.

"Кыргызтелекомдун" коммерциялык директору Акыл Түгөлбаев башында макулдашуунун суммасы бир канча ирет төмөн болгонун айтып, жыл өткөн сайын берүүлөрдү алып берүү көбөйгөндүктөн анан акысы да жогорулаганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күнү жыл сайын 50 млн сом каралат, алып берүүнүн сааты көбөйгөндүктөн анын акысы да жогорулоодо. Биз каражаттын көлөмүн азайткыла дей албайбыз. Анткени биз сигналды гана жеткиребиз, ал эми тапшырыкты мамлекет берет", - дейт Түгөлбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД