Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун абалы оор

Өзбекстандын мамлекеттик ЖМКларындагы булак оппозициянын өлкө президенти Ислам Каримовдун абалы оор деген билдирүүсүн тастыктап, ал инфаркт болуп абалы оор деп билдирди. Бул тууралуу zakon.kz сайты Росбалт агентигине шилтеме берүү менен маалымдады.

Эскертсек, 22-мартта Өзбекстандын элдик кыймылы өзүнүн расмий сайтында 19-мартта өлкө президенти Ислам Каримовдун инфаркт болгону тууралуу билдирген болчу.

Бул маалыматты кийинчерээк мамлекеттик ЖМКда иштеген булак да тастыктаган. Бул ЖМК мамлекеттик коопсуздук кеңеши жана Өзбекстан президентинин басмасөз кызматынын тыкыр көзөмөлүндө турат. Булактын айтымында, 19-марттын кечинде Ислам Каримов чындап эле инфаркт болуп, абалы оор.

"Ошондуктан Улуттук кеңеш жана президенттин басмасөз кызматы Ислам Каримовдун дени сак экени тартылган эски видео жана аудио материалдарды кайталап көргөзүү боюнча тапшырма берди. Анан калса, президент толук сакайганга чейин биз анын ден-соолугу чың учурунда тартылган бардык эски материалдарды кайталообузду милдеттендирди. Андыктан жакын арада расмий ЖМКлар эски материалдарды кайталап көргөзө баштайт", - дейт ишенимдүү булак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД