Бишкекти тазалоого муфтият да киришет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) жыйынында Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин "социалдык аракеттерге өтүшүбүз керек" деген сунушу менен 29-март жума күнү Бишкек шаарынын ар бир мечитинде ишембилик өтөт. Бул тууралуу КМДБнын басмасөз кызматы билдирди.

Ишембиликте мусулмандар мечиттердин гана тегеретесин тазалабастан, жакын арада жайгашкан карылар жана жетимдер үйлөрүн, ооруканалардын айланасын да тазалашат.

Бул кеңири иш-чараны багыттоо жана көзөмөлдөө ниетинде Муфтияттын кызматкерлери Бишкек шаарынын мечиттерине бөлүнмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД